Жалал-Абадда сойкулар жайын уюштурган жаран кармалып, 400дөй презерватив табылды
RU

Жалал-Абадда сойкулар жайын уюштурган жаран кармалып, 400дөй презерватив табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда сойкулук менен алектенгендер кармалды.

Милицияга Жалал-Абад шаарынын аймагында Т. аттуу жаран сойкулук менен алектенүү же сутенёрдук кылуу менен көмүскө жайларды уюштуруп жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.

Тартип сактоочулар Кылмыш кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен иши козгоп, Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан "Корона" эс алуу борбору тинтүүгө алышкан.

"Көмүскө жайды текшере келгенде, сойкулук менен алектенип жаткан 7 аял, кардарлардан алынган акчалар жана 400 даанадан ашуун презерватив табылган. Аталган эс алуу борборун иштеткен жаран Сузак районунун Сузак айылынын 29 жаштагы тургуну К.Т. экендиги такталган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган кылмыш ишин соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7282