"Чыр-чатак чыгып бычак сайган". Күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды
RU

"Чыр-чатак чыгып бычак сайган". Күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кемин районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектүү аял кармалды.

27-июнунда Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө үйлөрдүн биринин короосунда эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Милиция кызматкерлери айтылган короодо 1984-жылы туулган Н.А.нын жансыз денесин табышкан. Сыртынан кароо жүргүзүүдө маркум күч колдонуп өлтүрүлгөндүгү аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип, 1982-жылы туулган А.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал маркумдун аялы экени аныкталган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, жубайлардын ортосундагы чыр-чатак чыгып, анын натыйжасында аялы күйөөсүн бычак менен сайып салган.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча катталган.Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7293