Мектеп директорунун орун басарын окуучулары сабап кетти
RU

Мектеп директорунун орун басарын окуучулары сабап кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жети-Өгүздө мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басары сабалып ооруканага түштү.

Аны 18-июндан 19-июнга караган түнкү саат бирлерде айылдагы орто мектептин окуучулары сабап кеткен.

Аталган факты Жети-Өгүз РИИБдин КБРне катталып, жабырлануучуга медициналык экспертиза дайындалды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Саруу айылына караштуу орто мектептин 2005-жылы туулган А.Н., А.Р., И.Т., Т.Ы. жана Т. С. аттуу окуучулары кармалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7318