Бүгүн жана эртең аба ырайы эң жогорку чекке жетиши мүмкүн
RU

Бүгүн жана эртең аба ырайы эң жогорку чекке жетиши мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Синоптиктердин айтымында 30-июнда жана 1-июлда Бишкек шаарында аба ырайынын эң жогорку чеги күтүлөт.

Күндүз 38 градустан төмөн түшпөй турганы айтылды. Ал эми түнкүсүн 23…25 градус жылуу болот.

Эске салсак, көп жылдык байкоолор боюнча Бишкекте июнь айынын эң ысык күнү 2005-жылдын 23-июну болгон. Термометрлер 40,9 градуска чейин көтөрүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7312