Кафенин коногу башка кардарга бир нече жолу бычак сайып салган
RU

Кафенин коногу башка кардарга бир нече жолу бычак сайып салган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 30-июнга караган түнү жарандар урушуп, бирөөсүнө бычак сайылган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Патрулдук милициядан билдиришкендей, 30-июнь күнү саат 01:07де милиция кызматкерлерине Жибек Жолу жана Будённый көчөлөрүнүн кесилишинде кафеде жаңжал чыгып, бири экинчисин бычак менен сайып салганы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кафеге келген коноктор уруша кетип, дагы бири бычак менен эркек кишини бир нече жолу сайып салганы аныкталды. 1993-жылы туулган жабырлануучу Д.Д. оор абалда ооруканага жеткирилген.

Ал эми бычак сайган 1989-жылы туулган А.Р кармалып, Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Бул факты боюнча иликтөө иштери башталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7334