Кылмышкерлер бир аялды ысык үтүк менен басып кыйнашкан
RU

Кылмышкерлер бир аялды ысык үтүк менен басып кыйнашкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте белгисиз бандиттер ысык үтүк менен аялды кыйнашкан. Бул тууралуу борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 29-март күнү Бишкек шаарынын тургуну Л.Н. арыз менен кайрылып, белгисиз бирөөлөр анын үйүнө кирип, колун байлап, тамагына бычак такап, ысык темир менен кыйнагандарга чара көрүүнү суранган. Бандиттер 27 миң сом, уюлдук телефон, зер буюмдарын алып, изин жашырып кетишкен.

Аталган факт Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнө катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин "каракчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип, 1979-жылы туулган М.Т. жана 1992-жылы туулган К.А. кармалган. Алар Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6261