Депутаттарга ресторанда кандай тамактар берилди
RU

Депутаттарга ресторанда кандай тамактар берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутаттар министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун чакыруусу менен барган "Дасмия" ресторанында эмне тамактар берилгенин Kaktus.media сайтына айтып беришти.

Алардын айтымында дасторкон тойго коюлгандай коюлган: салат, котлет, жемиш, таттуу жана суусундуктар.

Депутаттарга баклажан салаттары жана "Цезарь" коюлган (ресторандын менюсу боюнча алардын бир порциясынын баасы 270 жана 320 сомдон). Ошондой эле уйдун тили, быжы, тоок этинен жасалган рулет, уй эти, козу этинен жасалган рулет (690 сом) жана жылкы этинен (770 сом) жасалган чучук, карта.

Биринчиси самса менен шорпо (280 сом). Экинчиси жашылча менен бышырылган балык (390 сом).

Кеченин аягында депутаттарга бешбармак (эки килограммы 1700 сомдон) берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7341