Акжол Махмудов УОКтун спортчулар комиссиясынын төрагасы болуп шайланды
RU

Акжол Махмудов УОКтун спортчулар комиссиясынын төрагасы болуп шайланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-июлда Акжол Махмудов Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) спортчулар комиссиясынын төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу спорт уюмунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УОКтун спортчулар комиссиясынын биринчи отуруму болуп өттү. Анда Төрага болуп, грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов дайындалса, анын орун басар болуп ок атуу боюнча спортчу Каныкей Кубанычбекова шайланды.

Эскерте кетсек, ушул жылы УОКто спортчулардан турган комиссия түзүлгөн. Ал жергиликтүү жана эл аралык спорт федерациялары менен байланышты бекемдейт. Ага Акжол Махмудов, Каныкей Кубанычбекова, Нурсултан Кеңешбеков, Максим Гордеев жана Денис Петрашовдон турган 5 спортчу кирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7344