Учурдагы спорт жылдыздары. Кайсынысы популярдуураак деп ойлойсуз?
RU

Учурдагы спорт жылдыздары. Кайсынысы популярдуураак деп ойлойсуз?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Спортчу азаматтар тууралуу кыскача жана кызыктуу маалыматтар. Сиз кайсынысын көбүрөөк жактырасыз. Эмне себептен?

Акжол Махмудов

Акжол Махмудов 23 жашта. Ал "Акула" деген каймана аты менен белгилүү. Акыркы жеңиштеринде дүйнө жүзү аны чын эле каймана атына ылайыктуу экенин жана аны келбеттүү спортчу катары белгилешкен.

Жетишкендиктери:

  • Кадеттер арасындагы Азия чемпионатында алтын медалдын ээси (Индия, 2015 жана Тайбэй, 2016);
  • Кадеттер арасындагы дүйнө биринчилигиндеги алтын медалдын ээси (Грузия, 2016);
  • Борис Гуревич атындагы кадеттер арасындагы турнирде алтын медалдын ээси (Москвада,2016);
  • Жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медалдын ээси (Тайбэй, 2017);
  • Дүйнө биринчилигиндеги күмүш медалдын ээси (Финляндия, 2017;
  • Эл аралык турнирде алтын медалдын ээси (Түркия, 2017);
  • Азия чемпионатынын чемпиону (Бишкек, 2018);
  • Эл аралык мелдеште алтын медалдын ээси (Түркия, 2018);
  • Азия оюндарында күмүш медалдын ээси (Индонезия, 2018);
  • Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медалдын ээси (Словакия, 2018).
  • Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси (2021-ж.).

Акжол Махмудов 1999-жылы 15-апрелде Ош облусунун Араван районунда туулган. Беш бир туугандын үчүнчүсү.

Жоламан Шаршенбеков

Жоламан Шаршенбеков учурда 23 жашта. Акыркы жолку жеңишинде укмуштуудай сальтосу менен дүйнөнү суктандырган. Ал башка спортчулардан жайдары мүнөзү менен айырмаланып турат.

Спорттук жетишкендиктери:

  • Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Индия, 2015);
  • Азия чемпионатынын коло байге ээси (Кытай Тайбэй, 2016);
  • Дүйнө чемпионатынын коло байге ээси (Грузия, 2017);
  • Азия чемпионатынын күмүш байге ээси (2017);
  • Дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси (Финляндия, 2017).
  • Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында эки жолу күмүш байге ээси (2018-ж., 2021-ж.).
  • 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону жана Дүйнө чемпионатында күмүш байге ээси (2019-ж.).
  • Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү (2020-ж.)
  • Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Монголия, 2022)

Балбан 1999-жылы 29-сентябрда Талас облусунун Манас районундагы Баласаруу айылында туулган. Ал беш бир туугандын үчүнчүсү.

Эрназар Акматалиев

Эрназар Акматалиев 24 жашта. Балбан тууралуу кызыктуу окуялардын бирөөсү - күрөшүү учурунда балбан улам оозун кыймылдатканын көргөн эл аны насвай салып алганбы деген комментарийлерди көп жазышкан. Кийин Эрназар тишине брекет тагып күрөшкөндүктөн ушундай абал болгонун түшүндүргөн.

Жетишкендиктери:

  • Кадеттер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында коло байгегенин ээси (2015);
  • Күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында күмүш медалдын ээси (2018);
  • Эркин күрөш боюнча чоңдор арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш байгенин ээси (Осло шаары, 2021);
  • Күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында (U-23) Дүйнө чемпиону (Сербия, 2021);
  • Токиодо өткөн Жайкы Олимп оюндарынын катышуучусу (2021-ж.);
  • Күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медалдын ээси (Монголия, 2022)

Дмитрий Бивол

Дмитрий Бивол Кыргызстанда туулуп-өскөн. Бирок, учурда мелдештерге Россиянын атынан чыгып жүрөт. WBA уюмунун супер чемпиону катары белгилүү. Маалыматтарга караганда ал рингдерде такыр жеңилип көргөн эмес. Акыркы жеңишинде бир нече жолу Кыргызстандыктарга кайрылып, ыраазычылыгын билдирген.

  • Лас-Вегаста Канело каймана аты менен таанымал мексикалык айтылуу спортчу Сауль Альварести утту (2022-ж.);
  • Салмак категориясына карабастан боксчулардын рейтинги боюнча экинчи сапта;
  • "Нокаут года", "Звезда дворца" ардактуу наамдардын ээси;
  • "В области спорта" сыйлыгынын лауреаты.

Бивол 1990-жылы 18-декабрда Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. Учурда Санкт-Петербург шаарында жашайт.

Сиз дагы кимдерди популярдуу деп ойлойсуз?

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6685