Мирзиёев Каракалпакстандагы жоготуулар тууралуу маалымат берди
RU

Мирзиёев Каракалпакстандагы жоготуулар тууралуу маалымат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандагы башаламандыктардагы жоготуулар тууралуу үн катты.

"Тилекке каршы, жайкын тургундардын жана коопсуздук кызматкерлеринин арасында дагы жоготуулар бар", - деген Мирзиёев.

Канча адам мерт кеткенин же жарадар болгонун президент айткан эмес.

Каракалпакстанда нааразылык акцияларынын тутанышына Конституциянын жаңы редакциясынын коомдук талкууга чыгышы түрткү болгон.

Жергиликтүү басылмалар нааразылык акцияларынан улам бир айга өзгөчө абал киргизилгенин кабарлашты. Кечки саат тогуздан эртең мененки саат жетиге чейин коменданттык саат жарыяланды. Каракалпакстанга кирип-чыгуу жабылып, бардык массалык иш-чараларга тыюу салынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7365