"Чекеси менен ээгине ок атылган". Аскердин жакындары өзүн атканына ишенбей жатышат (видео)
RU

"Чекеси менен ээгине ок атылган". Аскердин жакындары өзүн атканына ишенбей жатышат (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 4-июлда, саат 02.00 чамасында, Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө 22 жаштагы аскер өзүн-өзү атып алган. Жакындары ал өз жанын кыйып алганына ишенбей жатышат. Алар жоокерге кысым болгон деп эсептешет.

Аскердин агасы инисин бирөөлөр атып койгон деп жатат. Ал бир күн мурун эле иниси менен жакшынакай сүйлөшкөнүн айтты.

Ал эми каза болгон жоокердин таежесимин деген аял ал өзүн-өзү эки жолу атып алуусу мүмкүн эмес дейт.

"Бир окту атып алып анан көркуп кетип кайра өзүн атып алган деп жатышат. Муну менен эки ок атылганын өздөрү далилдеп жатат. Андай болушу мүмкүн эмес. Бир эле жолу өзүн ата алат да. Ал ар кимге бирдик салдырып жүргөн экен",-деген.

Эске салсак, 1-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндөгү жоокерди сабап кетишкен. Анын ата-энесинин айтымында да балага кысым көрсөтүп бир канча жолу бирдик салдырышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7379