Казакстанда COVID-19 илдети күч алды. Кыргызстанда абал кандай?
RU

Казакстанда COVID-19 илдети күч алды. Кыргызстанда абал кандай?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министрлиги июнь айынын аягында өлкөдө, тагыраагы, Бишкекте коронавирус илдети кайра катталганын кабарлады. Буга чейин апрель айынан бери COVID-19 илдетинен жабыркагандар каттала элек болчу.

Маалым болгондой, 27-июндан 3-июлга чейин (Саламаттыкты сактоо министрлиги статистикалык маалымат аптасына бир жолу берилерин эскертет) 48 адамдан коронавирустун белгилери аныкталган. Анын ичинен үчөө ооруканага жаткырылып, абалдары орто оор деп бааланууда.

COVID-19 менен жабыркаганы аныкталган 9 адам Орусиядан, Түркиядан, Өзбекстандан жана АКШдан келишкен. Республиканын башка аймактарында ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.

Ал арада коңшу Казакстанда дагы коронавирус илдетине чалдыккандар көбөйүп, бүгүнкү күндө бейтаптардын саны 1 миллион 307 миңден ашканы айтылды. Буга байланыштуу карантиндик чектөөлөр кайрадан киргизилип жатат деп жазышат казак басылмалары.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7409