Акылбек Жапаров ККМ боюнча: Ишкерлерге орой мамиле жасаган салыкчылар иштен бошотулат
RU

Акылбек Жапаров ККМ боюнча: Ишкерлерге орой мамиле жасаган салыкчылар иштен бошотулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ишкерлерди коркутуп, орой мамиле жасап, эреже бузган Салык кызматынын өкүлдөрү иштен бошотулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапаров ККМ киргизүү боюнча чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүн колдоо максатында түзүлгөн жумушчу топ менен жыйын өткөрдү.

"Биз ар бир ишкерге, аймактагыларга да ККМ менен иштөө техникасын үйрөтүүгө даярбыз. Ал эми салык кызматкерлери эгер эреже бузуп, ишкерге орой мамиле жасап же коркутса, иштен бошотулат. Ошондой эле кайра кызматка келбей тургандай болот. Салык кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин айтып тургула. WhatАpp тайпа түзүп, ага мени кошуп койсоңор болот", - деген ал.

Буга чейин айрым ишкерлер жана соодагерлер ККМге каршы бир канча жолу митингге чыгышкан. Мындан улам Акылбек Жапаров жумушчу топ түзгөн эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7448