Ысык-Көлдө жүргүнчүсүн түшүрүп жаткан айдоочуну жол тандабас сүзүп кетти. Сүрөт
RU

Ысык-Көлдө жүргүнчүсүн түшүрүп жаткан айдоочуну жол тандабас сүзүп кетти. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө жүргүнчү ташыган муршруттук таксинин айдоочусун жол тандабас сүзүп кетти. Учурда 3 адам ооруканада жатканын Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан Kaktus.kg cайтына билдиришти.

Жол кырсыгы бүгүн, 8-июлда саат 08:30 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда катталды. Анда Mercedes-Benz Sprinter унаасынын айдоочусу жүргүнчүнүн түшүрүп жатканда Nissan X-Trail унаасы аркадан келип сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 46 жаштагы маршруттук таксинин айдоочусу, 38 жаштагы жол тандабастын айдоочусу жана 28 жаштагы жүргүнчүсү жабыркап, Ысык-Көл райондук ооруканага жеткирилди.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыкка Nissan X-Trail унаасынын айдоочусу уктап кеткиндиги себеп болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7455