Кызды өлтүргөн үч жигит өлүм жазасына тартылды. Окуянын чоо-жайы
RU

Кызды өлтүргөн үч жигит өлүм жазасына тартылды. Окуянын чоо-жайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайда 2020-жылдын жайында 21 жаштагы студент кызды өлтүрдү делген үч жигит өлүм жазасына кесилди. Бул тууралуу Соттун расмий WeChat социалдык медиа аккаунтунда жарыяланган.

2020-жылдын 9-июлунда түнү 21 жаштагы Ли аттуу студент кызды анын жигити жана дагы эки киши өлтүргөн.

Маалыматка ылайык кыз менен анын 24 жаштагы жигити Хонг Цяо жаңжалдаша кеткен. Ушундан улам жигити Чжан Чэнгуан жана Цао Цзециндин жардамы менен кызды өлтүрүп сейил бактардын бирине кыздын сөөгүн көмүп коюшкан. Көп өтпөй полиция үчөөнү тең камакка алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7480