Жекшемби күнү 88 адам COVID-19 менен ооруп калганы такталды
RU

Жекшемби күнү 88 адам COVID-19 менен ооруп калганы такталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы суткада 88 адам коронавирус менен ооруп калганы аныкталды. Анын ичинен оору аныкталгандардын эң көбү Бишкекте катталса, Чүйдө 6, Жалал-Абадда 1 адам катталды.

Маалым болгондой, 72 жаран оорунун белгилерин байкап ооруканага кайрылганда, 2 жаран ПЦР-тест тапшырганда COVID-19 аныкталган. Андан тышкары чет өлкөдөн келген 8 жаран ооруп жатканы такталса (Корея, Литва, Венгрия), 6 бейтап ооругандар менен байланышта болгон.

Кыргызстанда коронавирус илдети 2020-жылдын март айында катталып, андан бери жалпы 201 миң 593 адам жабыркады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7525