Эл артисти Акылбек Абдыкалыков буттарынан жабыркап, ооруканада жатат
RU

Эл артисти Акылбек Абдыкалыков буттарынан жабыркап, ооруканада жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү актёр жана театр режиссёру Акылбек Абдыкалыков учурда ооруканада жатат. Актёрдун акыбалынан кабар алып байланышканыбызда буттары баспай жатканын айтат.

"Пандемия башталганга чейин күтүүсүздөн жүрөгүм кармап, 4 жолу операция болдум. Ден соолугум жакшы болуп калганда коронавирус жуктуруп алып, катуу оорудум. Андан кийин дагы COVID болуп ооруп ошондон кийин буттарым баспай калды. Азыр басып кетейин деп аракет кылып жатам. Ооруканада мени жуайым карап жатат", - деди ал.

Акылбек Абдыкалыков Шаршен Термечиков атындагы театрдын мурдагы директору жана көркөм жетекчиси болгон. Ал образ жараткан акыркы тасмалардын бири "Түнкү кырсык" болгон. Актёр андагы ролу үчүн 2018-жылы Лос-Анжелесте жана Казакстанда өткөн кинофестивалдарда "Эркектин мыкты ролу" наамдарын багындырган. Андан кийин актёр жүрөгүнөн операция болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7432