Президент чиновниктерге: Алдыңарда тонналаган кагаздар турат, планшетке өткүлө (видео)
RU

Президент чиновниктерге: Алдыңарда тонналаган кагаздар турат, планшетке өткүлө (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынында бийлик өкүлдөрүнүн дале кагаз, калем сап менен иштеп жатканына нааразы болду. Буга Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Зарлык Тургунбаевдин суранычы себеп болду.

Жыйында айыл өкмөт башчы муниципалдык кызматкерлерди жумушка алууда компьютердик тестирлөөнү жөнөкөйлөтүүнү суранды.

Ал арада Садыр Жапаров бийлик өкүлдөрүн кагаз менен иштөөдөн баш тартып, электрондук ишке өтүүнү күчөтүү керектигин айтты.

"Айыл өкмөттөргө, айыл өкмөттүк адистерге компьютердик тестирлөөнү жеңилдетиңиз деп жатасыз. Биз кайра оорлотолу деп жатпайлыбы. Компьютерге өтөлү, планшет колдонолу дедик. Мына, ар бириңердин алдыңарда тонналаган кагаздар, блокнот, калем сап турат. Менин алдымда эч нерсе жок, бир калем сап колдонбойм, блокнот колдонбойм. Мына мунун ичине (планшетин көрсөтүп) баары батат. Тескерисинче компьютерге өткүлө да.

1-июлдан тартып биз кагаз алып бербейбиз дегенбиз. Тилекке каршы, дагы деле көпчүлүк министрликтер, мамлекеттик агенттиктер, органдар электрондук өкмөткө өтө албай жатасыңар. Кайра муну күчөтүшүбүз керек", - деди Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7527