Күндөн аллергиясы барларга адистерден сунуш
RU

Күндөн аллергиясы барларга адистерден сунуш

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Күнгө болгон аллергия – бул өтө кеңири тараган көрүнүш жана жыл сайын бул оору менен жабыркагандардын саны көбөйүүдө. Дарыгерлер оору күн нурларынын өзүнөн пайда болбой турганын, күн радиациясы аллерген эмес дешет. Аллергиялык реакция белгилүү бир тышкы жана ички факторлордон улам пайда болот.

Күн аллергиясынын белгилери жана себептери

Аллергиянын симптомдору күнгө өзгөчө сезгич адамдарга мүнөздүү. Айрым учурда бул оору тукум кууйт. Аллергияга кабылгандардын көбүндө оорунун белгилер кошумча факторлордун таасири астында пайда болот, мисалы дары дармектер, айрым өсүмдүктөр, тиричилик химиясы жана башкалар териге тийгенде.

Аллергиянын симптомдору - кызаруу, кычышуу же ооруу, кичинекей бүдүрчөлөрдүн пайда болушу, теринин деңгээлинен жогору көтөрүлүшү, теринин сыйрылуусу, сейрек шишик болуп эсептелет.

Симптомдор теринин күн тийген жеринде гана пайда болот жана адатта бир нече мүнөт же сааттын ичинде билине баштайт.

Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан күн аллергиясын дарылоо жана алдын алуунун жолдорун сунуштайт.

Аллергия жеңил өтүп жатса дарылоосу жок эле жоголуп кетет. Орточо учур болсо антигистамин (рецептсиз) менен дарылайт. Мисалы Дифенгидрамин (Димедрол) же Хлорфенирамин менен дарылоого болот. Бул дарылар кычышууну басуу үчүн жардам берет. Гидрокортизонду камтыган крем дагы жакшы жардам берет.

Ал эми аллергия оор өтүп жатса кычышкан жерлерди стероиддик кремдер менен сүйкөп, дарыгер жазып берген дары каражаттарын ичүү керек. Эгер сизде оорунун белгилери байкалса жашаган жериңизде дерматологго же терапевтке кайрылуу керек. Күнгө катуу аллергия менен ооруган адамдар профилактикалык чараларды көрүп, күндөн коргоочу кийимдерди кийиши керек.

Алдын алуу үчүн күн катуу ысыганда (саат 10:00дөн 16:00гө чейин) көлөкөдө же үйдө болуу, ошондой эле күндөн коргоочу кремдер, жеңи узун кийимдер жана көз айнектер менен коргонуу жакшы дешет адистер.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7538