Токтогулдагы абакта бал өндүрүлүп, пескоблок чыгарыла баштады
RU

Токтогулдагы абакта бал өндүрүлүп, пескоблок чыгарыла баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Токогул районундагы №52 жатак абагында пескоблок чыгарылып баштады. Мындан тышкары бал өндүрүлүп жатканын Жазаларды аткаруу кызматынан Kaktus.kg`ге билдиришти.

Учурда мекеменин балансында Толук айылында жайгашкан 50 бал челек бар. Быйылкы жылы 600 килограмм бал алуу пландалууда. Мындан тышкары пескоблок чыгарууда да колго алынып, ага соттолгон 5 адам тартылып, эмгектенип жатышат. Алдын ала эсептөөгө ылайык, быйыл бул курулуш материалынан 40 миң даана чыгарылат.

Бардык иштер республикалык бюджеттен эмес мекеменин атайын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүп жатат. Түшкөн пайда соттолгондордун шарттарын жакшыртууга жумшалат.

Буга чейин аталган абактын кызматкерлери мекеменин аймагын тазалап, Торкен айылында асан-үсөн форель балыгын өстүрүүнү жолго салышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7539