Милициянын кызматтык унааларын сүзгөн абак кызматкерлери иштен айдалды
RU

Милициянын кызматтык унааларын сүзгөн абак кызматкерлери иштен айдалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн эки унаасын сүзгөн абак кызматкерлери иштен айдалды. Бул туурасында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, №26 мекеменин башчысынын орун басары мас абалда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлеринин унааларын сүзүп алган.

Бул окуя боюнча Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Жазык-аткаруу тутумунун эки кызматкери тең иш убактысынан тышкаркы учурда Ысык-Көл облусунда болушуп, бир катар ченемдик укуктук жана ведомстволук актыларын бузушкан. Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча подполковник менен майор ээлеген кызматынан бошотулду. Ошондой эле №26 мекеменин башчысы да дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, сөгүш жарыяланды. ЖАК кызматтык тартипти бузууларга жана тартип бузууларды жасоого чыдабайт.

Эске салсак, окуя 17-июлда саат 07:00 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда каттлаган. Анда абак кызматкери Kia Rio унаасы менен бара жатып рулга ээ боло албай Кара-Ой айылында жайгашкан ЖККК бөлүмчөсүнүн административдик имаратынын жанында токтоп турган Ravon Nexia эки кызматтык унааны сүзүп токтогон. Айдоочунун жанында кесиптеши да болгон.

Эгерде жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуулар болсо билдирүүлөрдү, арыздар, сунуштарды ЖАКнын борбордук аппаратына, ведомстволук сайтына жөнөтүү же (0312) 43-11-77 номерине чалуу сунушталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7577