Күлүн асманга сапырып жиберебиз. Ташиев революция кылууга ниеттенгендерге эскертүү берди
RU

Күлүн асманга сапырып жиберебиз. Ташиев революция кылууга ниеттенгендерге эскертүү берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев революция уюштуруу үчүн митингге чыккандардын күлү көккө сапырыларын айтты. Бул туурасында ал Sayasat.kg маалымат каражатынын жрналистинин суроосуна жооп берип жатып билдирген.

Анда коомдо талкуу болуп жаткан "Талас шаарынын күнүндө айрым саясатчылардын күзүндө саясат кызыйт" дегени боюнча Ташиев буларга токтолгон.

"Күздө төңкөрүш, жазда төңкөрүш" деген бул кыргызстандыктардын арасында 2002-жылдагы Аксы окуясынан бери дайыма айтылып келген дежур сөз. Кресло жетпей калгандардын сүйүктүү сөзү. Ооба, чындыгында 2005-жылдан бери үч жолу революция болду. Экөө жазда, бирөө 2020-жылы күздө. Революция эмнеден келип чыгат? Бийлик коррупция, уурулук менен алектенсе же шайлоолорду адилетсиздик менен өткөрсө революция келип чыгат. Шайлоолор таза өткөндүктөн Атамбаевдин эки уулу тең депутат болуп олтурат. Муну да эсиңерге алып койгула. Бир эле команда берсек экөө тең өтпөйт эле".

Камчыбек Ташиев шайлоолор мурда болуп көрбөгөндөй таза, адилеттүү өткөрүлгөнүн белгиледи.

"Уурулар менен коррупционерлерди камап "кустуруп", пенсия, жөлөк пул, эмгек акыларды көбөйтүп, бюджетти толтуруп, салык менен бажыдагы коррупцияны токтотуп, чөнтөккө кетип жаткан акчаларды казынага буруп койдук. Казына көбөйүп калды. Ошонун эсебинен көтөрүп жатабыз эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдарды. Анан эмнеге революция болушу керек?

Мен мурда да эскерткем, азыр да эскертип коёюн. Кимде-ким "революция кылам" деп митингге чыга турган болсо, "күлүн асманга сапырып" жиберебиз. Биздин милдет - артынан беш киши ээрчибеген сасык саясатчылардын эмес, мамлекеттин, анын ичиндеги көпчүлүк элдин кызыкчылыгын сактап калуу", - деген Ташиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7588