Нарында төрөт бөлүмдө келинге антисептик сайган дарыгер кызматына кайра келди
RU

Нарында төрөт бөлүмдө келинге антисептик сайган дарыгер кызматына кайра келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарында 27 жаштагы келинге антисептик сайган облустук оорукананын төрөт бөлүмүнүн кызматкери кайра кызматына келди. Жогорку Соттун маалыматына караганда, кызматынан бошотулган анестезиолог сот аркылуу ишине кайтты.

Дарыгер өзүнүн доо арызында төрөт учурундагы аялдын ага эч кандай дооматы жок экенин көрсөткөн. Анын айтымында, башкы дарыгер өз каалоосу менен жумуштан кетүүсүн талап кылып, антпесе Эмгек кодексинин беренеси боюнча жумуштан бошотуларын өтүнгөн. Ошол эле учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинен аны жумуштан кетирүүнү талап кылып жатканын айтышкан. Дарыгер өз каалоосу менен жумуштан кетүү боюнча арыз жазган. Кийин ал өзүн күнөөлүү эмес деп эсептеп, кызматына калыбына келтирүүнү суранган.

Жыйынтыгында Нарын шаардык соту анестезиологду кызматтан алуу буйругун жокко чыгарган.

Белгилей кетсек, март айында Нарында облустук оорукананын төрөт бөлүмүндө 27 жаштагы келинге антисептик сайылып, бейтап кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. 4 күндөн кийин бейтаптын абалы жакшырып, баласын эмизип баштаган. Ооруканадан антсептиктин организмге эч кандай терс таасири болбогонун айтышкан. Кийин эне-баланын абалы канааттандырарлык болуп, ооруканадан чыгарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7590