Мирбек Атабеков: 10-15 жылдан бери чыкпай турган ырларым көп
RU

Мирбек Атабеков: 10-15 жылдан бери чыкпай турган ырларым көп

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков бир нече күн мурда "Кечки Бишкек" ырын аткарып чыгары менен хитке айланды. Kaktus.kg сайты ырларынын дээрлик баары хит болгон ырчы менен "Кечки Бишкек" музыкалык чыгармасы тууралуу сүйлөштүк. Чыгармалыкка билек түрө киришем деген Мирбек мырза буларга токтолду.

"Башында ырдын сөзү жок болчу. Ырдын аранжировкасын Иса Каган деген инибиздин студиясынан угуп жактырып калдым. Музыканттардын өздөрүнүн сайты бар, ал жакка дүйнө жүзүндөгү музыканттар даяр обондорду жарыялап, сатышат (автордук, эксклюзивдик укуктар берилет). Ал эми "Кечки Бишкектин" мелодиясын сатып алгандар болуптур.

Мен мелодияны жактырып калып "сөзсүз хит чыгарама жаратам" дедим. Сөзүн жазууга Акбар Кубанычбеков жардам берди. 2 күн ичинде ырдын сөзүн, обонун жаздык. Анан Иса Кагандан мелодиянын автордук укугун мага берүүсүн, сайттан алып салуусун сурандым. Ошентип былтыр күзүндө ырдын үстүнөн иштеп баштадык. Көп адамдардын борборубуз Бишкек шаарында эсте каларлык күндөрү, көптөгөн окуялары болгондуктан "Кечки Бишкек" деп атаганыбыз", - дейт ал.

Ырдын бат эле угармандар тарабынан жактырылып, колдоого ээ болуп жатканы боюнча: "Балким ырдын обону, музыкасы же сөзү жагып жаткандыр. Балким 2 жылдан бери активдүү иштебей жаткандыктан эл дагы сагынып калгандыр. Айтор, жакшы кабыл алып жатышат. Буюрса, ушул жылга чоң пландарым бар. 10-15 жылдан бери чыкпай турган ырларым көп, ошолорду чыгарып, концерт өткөрөйүн деп жатам. Кийинки жылдан баштап башка тилдеги ырларды аткарып, концерт коюу ниетим бар".

Бүгүнкү күндө ырдын клиби көрөрман, угармандардын назарына коюлду. Клип тартуу учүн аппараттар атайын Москвадан ижарага алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7592