Украинада дагы бир кыргызстандык жигит каза болгону айтылды
RU

Украинада дагы бир кыргызстандык жигит каза болгону айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинада дагы бир кыргызстандык жигит каза болгону айтылды. Маалыматтарга караганда, 21 жаштагы жигит Орус жарандыгын алган.

Ал эми 24.kg сайты каза болгон жигит Ислам Абдрахманов экенин, ал орус армиясында келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөнүн жазды.

Азырынча каза болгон жигиттин кандай шартта, кайсы жерде көз жумганы боюнча маалымат жок. Анын сөөгү Кант авиабазасына жеткирилгени айтылат маалыматтарда.

Белгилей кетсек, Украинадагы атайын операция учурунда буга чейин теги кыргызстандык Эгемберди Дорбоев, Рустам Зарифулин, Исламжон Камилов каза таап, сөөгү мекенинде жерге берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7611