Украинада кыргызстандык дагы бир аскер каза болду
RU

Украинада кыргызстандык дагы бир аскер каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Элчилик билдиргендей, курман болгон жоокерге Эрдик ордени ыйгарылды.

Украинадагы атайын операция учурунда Кыргызстанда туулган Россиянын жараны Сыргакбек Өзүбеков каза болду. Маалыматты РФтин Кыргызстандагы элчилиги тастыктады деп жазат Sputnik Кыргызстан.

Анын сөөгү Кыргызстанга алып келинип, туулган жери Жалал-Абад облусуна жеткирилүүдө. Тажиясы эртең, 30-майда, өтөт.

Буга чейин Сахалин облусунун губернатору Валерий Лимаренко 18-май күнү Өзүбеков улутчулдар менен салгылашууда баатырларча курман болгонун Telegram-каналына жазган.

"Аскердин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Анын элеси Сахалин облусунун тургундарынын жүрөгүндө чыныгы патриот, эр жүрөк жана кайраттуу адам катары сакталып калат. Аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө тиешелүү жардам көрсөтүлөт", - деп жазган губернатор.

Сыргакбек Өзүбеков Түштүк-Сахалинск гвардиясында келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан. Элчилик ага Эрдик ордени ыйгарылганын билдирди.

Белгилей кетсек, Украинадагы атайын операция учурунда буга чейин теги кыргызстандык Эгемберди Дорбоев, Рустам Зарифулин, Исламжон Камилов каза таап, сөөгү мекенинде жерге берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6867