Кримтөбөл "Дженго" бошотулду
RU

Кримтөбөл "Дженго" бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Дженго" каймана аты менен таанымал криминалдык авторитет Кадыр Досонов соттун чечими менен СИЗОдон чыкты. Бул туурасында Ош облустук сотунан кабарлашты.

Маалым болгондой, Кадырбек Досоновго карата "Башка бирөөнүн жерин өзүм билемдик менен басып алуу" беренеси боюнча козголгон кылмыш иши 16-июнда Кара-Суу райондук соту тарабынан мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотулган.

Кечээ, 21-июлда Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу кирешелерди адалдоо" беренеси боюнча кылмыштын курамы жок болгондуктан Досонов сот тарабынан толук акталды. Ош облустук сотуна бул чечимге карата даттануу же сунуш түшкөн эмес.

Досонов кылмыш жолу менен табылган кирешени мыйзамдаштырган деп айтыпталган. Ушул жылдын февраль айында ал өзү Ош шаары боюнча УКМКга келип, ошол жактан кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7618