Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин көлдө минип жүргөн аттарын эл тартуулаганы айтылды
RU

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин көлдө минип жүргөн аттарын эл тартуулаганы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жаратылышта эс алып жүргөн сүрөттөрү жарыяланган. Президент Facebook`тагы баракчасына ата конушуна барып, куран окутканын жазып, сүрөттөрдү жүктөгөн.

Бүгүн, 25-июлда Ташиевдин жардамчысы Өткүрбек Рахманов өлкө башчы менен УКМКнын төрагасы минген аттарды эл тартуу кылганын жазып чыкты.

"2020-жылдагы парламенттик шайлоо алдында "Мекенчил" партиясын жетектеп барган Камчыбек Ташиев эң алгачкы жыйынды Садыр Жапаров туулуп өскөн айылдан (Түп районундагы Кең-Суу айылы) баштаган болчу. Жолугушууга чогулган эл тарабынан Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровго аталып эки ат тартууланган. Камчыбек Кыдыршаевич тору атка минип бирок Садыр Нуркожоевич ал кезде абакта болгондугуна байланыштуу ага аталган кара ат бош калган. Ошондо, Камчыбек Ташиев калың элден ак бата алып, шайлоого аттанып жатып: "Буюрса, досумду алып келип, ушул атка мингиземин. Досумду абактан чыгарууга жардам бериңиздер. Кудай буюрса, Садыр Нуркожоевичти эл кызматына алып келебиз" деп, андан соң Кыргызстандагы бүтүндөй айыл кыштактарга чейин кыдырып чыкканы белгилүү. Кудайдын буйругу менен, эл-журттун колдоосу менен ал ниеттер орундалды. Жараткан Камчыбек Ташиевди ошол күнү калың элдин алдында айткан тилек-максатына жеткирди.

Бул эми жөн гана дал келүүчүлүк деле болушу мүмкүн. Бирок, элибизде, динибизде бардык нерсе ниеттен, ыкластан көз каранды деп айтылат эмеспи", - деп жазат ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7626