Мектеп директорлорун тандоо Баткенден башталат. Шарттары
RU

Мектеп директорлорун тандоо Баткенден башталат. Шарттары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директорлорунун бош орундарына сынак жарыялаган. Тандоо 11-12-августта Баткен облусунан башталып, талапкерлерди кароо 3 нөөмөттө өтөт:

1-смена – 8:00 (80 адам)

2-смена – 11:00 (80 адам)

3-смена – 14:00 (80 адам)

Талапкерлерди каттоо – 7:30

Апелляциянын башталышы – 16:30

Бош орундардын саны ­– 98

Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашкандай, сынакка белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат. Талаптар:

- жогорку педагогикалык билими жана 7 жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы барлар;

- атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн адистештирилген жалпы билим берүү уюмдарына);

- аракетке жөндөмдүү, аларга карата аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери жок адамдар;

- соттолбогондор;

- жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн медициналык каршы көрсөткүчтөрү жоктор;

- мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аныкталган мөөнөттүн ичинде педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенүү укугу чектелбегендер;

- жалпы билим берүү уюмдун ишмердүүлүгүн пландаштыруунун жана контролдоонун формаларын уюштуруунун жалпы принциптерин, уюмдун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун баалоо ыкмаларын жана персоналды башкаруу, иш кагаздарын жүргүзүү, ички эмгек тартибин, жалпы билим берүү уюмунун администрациялык финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын конституциясын жана мыйзамдарын билген;

- билим берүү системаларын башкаруу ыкмаларын, маалыматтык технологиялар жана тез башкаруу чечимдерин кабыл алуу боюнча көндүмдөрүн, алардын кесепеттерин болжолдоо, ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрүнө ээ болгондор.

Талапкер бир гана бош кызмат ордуна талапкер боло алат. Документтерди өз убагында тапшырбоо же документтердин толук берилбөөсү талапкерди сынактан четтетүүгө негиз болуп эсептелет. Талапкерден жетишпеген документтерди талап кылууга тыюу салынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7643