"Уулумдун арбагы үчүн барын кечирдим" дейт аквапаркта каза болгон окуучунун апасы
RU

"Уулумдун арбагы үчүн барын кечирдим" дейт аквапаркта каза болгон окуучунун апасы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Ала-Тоо" аквапаркында сууга чөгүп каза болгон окуучунун апасы жакында эле Түркияда операция жасатып келген. Ал SUPERTV каналына маек куруп, уулунун өлүмүнө себепкер адамдардын барын кечиргенин айтты.

Асел айым Атай каза болгондон кийин микроинсульт алган. Ошол күнү ал эч кимди сотко бербөөнү чечкен. Себеби экинчи баласы (экинчи турмушунан) жолдошунун колунда чоңоюп жаткан.

"Бир жылдан бери тирүү баланы сагынып, көргөнгө зар болуп жашаган кандай экенин билем. Ошончо адамдын энелери, балдары бар. Бир эненин мага окшоп калышын, Атайдай болгон балдардын атасын күткөнүн каалаган жокмун. Кайсы бир үй-бүлөдө Атай деген бир бала үчүн атабыз камакта деп сөз болуусун каалабадым. Укук коргоо органдары дароо чара көрүштү. Бирок уулумдун арбагы үчүн, Кудай үчүн, өзүмдүн тынч жашоом бул теманы жаптым. Мен бардыгы менен соттошуп, соттон жеңип чыксам дагы утулуп калгам. Акыйкат изде дешти, чындык бир эле - Атай жок, келбейт", - деди ал.

Ошондой эле аквапарктын администрациясы Атайга куран окутуп кеткенин, ортолорунда эч кандай чатак болбогонун баса белгиледи.

"Бирок мен таң калам, эмнеге мектеп директору көңүл бурган эмес. Ал кандай директор? Жайылып жүргөн койду деле санап, карап, жоопкерчилик аласың го. Мен мектеп директорун да кечирдим" - деди Азыкова.

Асел айым жолдошу менен Атай ымыркай кезинде эле ажырашып кеткенин кошумчалады. Башында атасы баласына каттап жүргөн, кийин ортодогу келишпестиктерден улам келбей калган. Ата-бала 8-9 жыл көрүшпөгөнүн, алардын жолугушуусу өлүкканада гана болгонун айтат. Ошондой эле ушул жылдын май айында Атайдын чоң ата, апасы небереси менен көрүшүүгө ниеттенип, алар 9-майда жолукмай болушкан. Бирок алар белгиленген күнү келбегенин билдирди.

Белгилей кетсек, 6-июнь күнү Бишкектеги "Ала-Тоо" аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза тапкан. Анын апасы Асел Азыкова мектеп, аквапарк жетекчиликтерине нааразы болгон. 2-июль күнү Асел Азыкова Түркияда жамбаш сөөгүнө операция жасатып, 20-июлда Кыргызстанга кайтып келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7654