Аквапаркта каза болгон окуучунун апасы ийгиликтүү операциядан кийин Бишкекке келди
RU

Аквапаркта каза болгон окуучунун апасы ийгиликтүү операциядан кийин Бишкекке келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Ала-Тоо" аквапаркында сууга чөгүп каза болгон окуучунун апасы Түркияда операция жасатып келди. Ал кечээ, 20-июлда Кыргызстанга кайтып келгенин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал колдоо көрсөтүп, ден соолугун сурап жаткандарга ыраазычылыгын билдирип, үйүнө өзү басып киргенин айтты.

Акылбек кызы Асел 2-июль күнү Түркияда бутуна операция жасатып, протез салдырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7603