Жапаров: "Манас" жана "Ош" аэропортторун ижарага берүүдөн баш тарттык
RU

Жапаров: "Манас" жана "Ош" аэропортторун ижарага берүүдөн баш тарттык

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" жана "Ош" аэропортторун узак убакытка ижарага берүү боюнча кырдаалга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров комментарий берди.

Айтымында, кыргыз тараптын кызыкчылыгына жооп берген инвесторлор болсо кызматташууга даяр.

"Манас" жана "Ош" аэропорттору боюнча келишим Кыргызстандын кызыкчылыгын толук камтыбагандыгына байланыштуу андан баш тарттык.

Албетте, ар бир инвестор максималдуу түрдө пайда көрүп кетүүнү каалайт. Бирок биз дагы максималдуу түрдө элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөшүбүз керек. Мамлекеттин кызыкчылыгына, коопсуздугуна толук жооп берсе, эки жылда дүйнөлүк стандартка ылайык курулушту бүтүрүп, эки аэропортту тең ишке киргизе турган кайсыл гана инвестор болбосун кызматташууга даярбыз. Болбосо бул долбоорду өзүбүз ишке ашырабыз. Бирок бул көбүрөөк убакытты талап кылат",- деп белгиледи төрага.

Белгилей кетсек, буга чейин "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторун министрлер кабинети түркиялык ишканага 39 жылга ижарага берери айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7452