"Президентке кошомат кылып жатышат". Дөөлөт Сыдыков айрым кесиптештерин сындады
RU

"Президентке кошомат кылып жатышат". Дөөлөт Сыдыков айрым кесиптештерин сындады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдөн чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыков "Манас" айылынын эскиздери деп жарыяланган сүрөттөр боюнча пикирин билдирди. Айтымында, эскиздер уурдалган, бул иште көз боёмочулук бар.

"Ушуну кантип уялбай Манастын айылына орнотушат? Манас айылы боюнча сынакты президенттин иш башкармалыгына караштуу архитекторлор жеңиптир. Мурун биз сынак өткөргөндө мен аларга айткам: "Манас деген атка татыктуу, кылымдар бою кала тургандай курулуш салынгыдай эскиз чийилиши керек. Мыктысы жеңсин. Эптеп жең ичинен өз кишиңерди же компанияңарды өткөргөн болбойт. Мафияларга жол жок", - деген талапты койгом. Ошондо качып жоголушкан.

Эми болсо дал ошол архитекторлордун эмгектери жеңген имиш. Эң жаманы эптеп септеп, уурдалган көчүрмө (копировка) долбоорду тандашыптыр. Уурдалып келген көчүрмөлөргө 1-2-3- орун беришкен экен. Манасты ушул иш менен дагы кордоп жатышат".

Ошондой эле манасчы айрым кесиптештерине кайрылып, 9 гектар жер көзөмөлдөнүшү керектигин айтат.

"Манасчыбыз деп аралашып жүргөндөрдүн абийири кантип чыдап жатат. Баарынан Манас атанын аты бийик туруш керек да. Ии, баса Манас айылынын жерин көзөмөлдөп койгула, 9 гектар жер. Өткөндө Рыспай Исаков менен Азиз Биймырза уулу маалымат жыйын берип "президентке ыраазычылык билдиребиз 4 гектардан 8 гектарга чейин чоңойтуп берип жатат" деп жар салып жатышкан. 1 гектар жерин кошо жоготуп жатышкан сыяктуу. Эртең жер кемип кетсе аты аталган манасчылар дагы сот жообуна тартылышы керек. Булар президентке кошомат кылышып мыйзамсыз ишти жактап берип жатышат".

Эске салсак, Дөөлөт Сыдыков май айынын башында "Манас айылына" байланыштуу чырдан кийин үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен. Ал кысым болуп жатканын ырастап, бирок кеңири айткан эмес. Кийинчерээк ал Түркиядан түшкөн сүрөтү менен бөлүшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7669