Өлкөдөн чыгып кеткен Дөөлөт Сыдыков Москвада манас айтат
RU

Өлкөдөн чыгып кеткен Дөөлөт Сыдыков Москвада манас айтат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыков Москвадагы иш-чарага катышып, улуу баян айтат. Бул туурасында манасчы социалдык тармактагы баракчасына иш-чаранын афишасын жарыялап, "улутум кыргыз, урааным Манас" деп жазган.

Андагы маалыматта ат оюндары 24-июлда Москва облусунун Дмитриев районунда өтөрү жазылат.

Эске салсак, Дөөлөт Сыдыков май айынын башында "Манас айылына" байланыштуу чырдан кийин үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен. Ал кысым болуп жатканын ырастап, бирок кеңири айткан эмес. Кийинчерээк ал Түркиядан түшкөн сүрөтү менен бөлүшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7571