Унаадагы өспүрүм кыздын сабалышы: Милиция окуянын чоо-жайын айтты
RU

Унаадагы өспүрүм кыздын сабалышы: Милиция окуянын чоо-жайын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин унаада отурган кызды белгисиз балдар суракка алып, уруп жаткан видео тараган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынан окуянын чоо-жайын айтышты.

Белгилүү болгондой, жогорудагы факты каттоого алынып, Ош жана Баткен облустук ички иштер башкармалыктары тарабынан биргелешкен аракеттер көрүлө баштаган.

Видео Ноокат районунун аймагында тартылганы, кызга суроо берип жаткан адам буга чейин үч жолу соттолгону аныкталды. Буга байланыштуу иштин материалдары Ноокат РИИБге өткөрүлүп берилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2020-жылдын жаз мезгилинде Ноокат районунун Арал айылынын тургуну 31 жаштагы Б.Э. "Ноокат жаштары" кайрымдуулук фондунда иштеп жүргөндө 15 жаштагы кыз (учурда кыз 17 жашта) менен таанышканы аныкталган. Кийин өспүрүм кыз менен Талас районунун тургуну фондго тиешелүү 10 миң сомду уурдап из жашырып кетишкен.

Бул окуядан кийин Б.Э. өспүрүм кызды Оштон таап, Ноокатка баратышканда унаасы бузулуп калып, фондго кабарлаш үчүн видеого тартып баштаган. Видеону кесиптештерине өткөрүп берген. Кийинчерээк Б.Э. фонддун акчасын алганга тиешеси бар Расул аттуу адамдын өздүгүн аныктоо максатында видеону интернетке өзү жарыялаган.

Мындан тышкары Б.Э. дагы бир кылмыш жасагандыгы аныкталды. Ал ушул жылдын 27-июль күнү саат 23:20 чамасында Ноокат шаарында 26 жаштагы Т.уулу Р. менен урушуп, ага бычак сайып, изин жашырып кеткен.

Бул факты каттоого алынып, кылмышка шектүү Б.Э убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал ошондой эле Ноокаттагы дүкөндөрдү тоноого шектелип жатканын кошумчалашты мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7672