Эркектер унаага салып алып сабады делинген кыз табылды
RU

Эркектер унаага салып алып сабады делинген кыз табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин унаада отурган кызды белгисиз балдар суракка алып, уруп жаткан видео тараган. Бүгүн, 29-июлда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан видеодогу кыз табылганын маалымдады.

Өспүрүм кыз Кызыл-Кыя шаарынын тургуну экени белгилүү болгондон кийин бул материал 2022-жылдын 26-июль күнү Кызыл-Кыя ШИИБи тарабынан каттоого алынган.

Милиция кызматкерлери кыздын жашаган дарегине барышкан. Өспүрүмдүн апасы кызы 14-июнда таңкы саат 05:00 чамасында уктап жаткан жеринен дайынсыз болгондугун билдирип милицияга арыз менен кайрылган. Издөө иштеринин жүрүшүндө 28-июлда өспүрүм кыз Ош облусунун Ноокат районунан аныкталып, аман-эсен апасына өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, 26-июлда социалдык тармакка белгисиз адамдар унаада отурган кыздан акча тууралуу сурап, уруп жаткна видеосу жарыяланган. Кийинчерээк Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кызды урду делингендердин бири кармалганын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7673