Түркияда бөйрөгүн алмаштырган актёр Нуржаасын Жумагулов ооруканадан чыгат
RU

Түркияда бөйрөгүн алмаштырган актёр Нуржаасын Жумагулов ооруканадан чыгат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркияда бөйрөгүн алмаштырган актёр Нуржаасын Жумагулов ооруканадан чыгат. Бул туурасында өзү менен байланышканыбызда маалым болду.

Актёр белгилегендей, учурда апасынын, өзүнүн да акыбалы жакшы.

"Ооруканадан ишемби күнү чыкмакпыз. Бирок мага керектүү дарылардын келишин күтүп калып калдым. Апам клиникадан чыкты. Август айында дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп турабыз, тагыраагы, 15-августка чейин 2 күн сайын, андан кийин аптасына бир жолу дарыгерлер ден соолугубузду текшерип турушат. Кыргызстанга августтун аягында барып калабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Нуржаасын Жумагулов 2 жылдан бери бөйрөк оорусу менен жабыркап келди. Ага апасы донор болуп Түркия мамлекетиндеги клиникалардын биринен бөйрөгүн алмаштырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7696