Апасы донор болду. Актёр Нуржаасын Жумагуловдун бөйрөгүнө операция жасалды
RU

Апасы донор болду. Актёр Нуржаасын Жумагуловдун бөйрөгүнө операция жасалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бөйрөгүн алмаштырууга муктаж болуп жаткан актёр Нуржаасын Жумагуловго бүгүн, 21-июлда Түркиядагы клиникалардын биринде операция жасалды.

Операция Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө жасалып, ага апасы донор болду. Актёр операция ийгиликтүү болгонун айтып, ыраазычылык билдирди.

"Сиздердин жардамыңыздар, колдооңуздар, батаңыздар менен лперация ийгиликтүү болду. Буюрса, эртерээк сакайып кетели. Ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдиребиз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Нуржаасын Жумагулов 2 жылдан бери бөйрөк оорусу менен жабыркап келет. Анын эки бөйрөгү тең жабыркагандыктан гемодиализ алып жүрөт. Жакында эле ага донорлор табылып, Түркия мамлекетиндеги клиникалардын биринен бөйрөгүн алмаштырмай болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7593