Кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү. Шектүү эмнеге кол салганын айтты
RU

Кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү. Шектүү эмнеге кол салганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Дөө Чыңгыз" каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов бүгүн, 30-июлда киши колдуу каза болду. Анын өлүмүнө шектүү кылмышты моюнга алганын Жазаларды аткаруу кызматынан Kaktus.media сайтына билдиришти.

Мекемеден кабарлашкандай, учурда тиешелүү түзүмдөрдүн тергөөчүлөрү СИЗОдо текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

"Шектүү Чыңгыз Жумагуловду өлтүргөнүн моюнга алды. Ал аны жеке кастыктан улам өлтүргөнүн айтты", - дешти

Ошондой эле бардык тергөө иш-чараларынан кийин Чыңгыз Жумагуловдун сөөгү шаардык өлүкканага жөнөтүлүп, бардык экспертизалар жүргүзүлөрүн кошумчалашты Жазаларды аткаруу кызматынан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7700