Аскар Акаев дагы бир ардактуу наамга ээ болду
RU

Аскар Акаев дагы бир ардактуу наамга ээ болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевге Кавказ университетинин "Ардактуу доктору" наамы ыйгарылды. Мындай маалымат окуу жайдын Facebook баракчасына жарыялаган.

Билдирүүдө айтылгандай, Акаев окумуштуулар кеңешинин чакыруусу боюнча аспиранттарга жана докторанттарга лекция окуган. Ал ошондой эле Түштүк Африка Республикасынын жана Франциянын башка окумуштуулары менен бирге салтанатка катышып, бүтүрүүчүлөргө дипломдорду тапшырган.

"Аскар Акаев – кайталангыс инсан, кыргыз элинин өзгөрүү доорундагы лидери, эгемендүү Кыргыз Республикасынын негиздөөчүсү, ошол эле учурда биз сыймыктанууга акыбыз бар дүйнөгө белгилүү окумуштуу. Биздин ардактуу докторубуз", - деген Кавказ университетинин президенти Каха Шенгелия.

Фейсбук колдонуучусу Айжигит Матраимов Аскар Акаевдин иш-чарадагы сүрөттөрүн жарыялады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7720