Президент Кыргызстандын Япониядагы, Түркмөнстандагы элчилерин кызматтан алды
RU

Президент Кыргызстандын Япониядагы, Түркмөнстандагы элчилерин кызматтан алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Япониядагы жана Түркмөнстандагы элчилери кызматынан бошотулду. Президенттик администрациядан маалымдашкандай, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Маалым болгондой, Мирлан Арстанбаев ишин айкалыштыруу боюнча Токио шаарындагы резиденциясы менен Кыргызстандын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппин Республикасындагы элчиси кызматынан бошотулду. Мирлан Арстанбаев элчи кызматына 2019-жылы март айында дайыдалган.

Ошондой эле Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Талант Султанов ээлеген кызматынан бошотулду. Ал бул кызматка 2021-жылдын май айында дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7738