Садыр Жапаров: "Эптеп убакытты өткөрсөк деген" кадрлар арабызда болбоого тийиш
RU

Садыр Жапаров: "Эптеп убакытты өткөрсөк деген" кадрлар арабызда болбоого тийиш

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 14-июлда министрлер кабинетинин жыйыны өтүп жатат. Анда мамлекет башчы бүгүнкү жыйын командасындагы айрым жалкоо адамдардан арылууга негиз болот дейт.

Мурдагыдай "эптеп убакытты өткөрсөк деген" кадрлар арабызда болбоого тийиш. Азыр уктап жатчу мезгил эмес.

Мен ар дайым ачыкмын, кайсы жерге барбайын элдин суроолоруна жооп бермейинче кетпейм. Министрлер кабинетинин орун басары, ички иштер министри, башкы прокурор аймактарга чыгып, элдин көйгөйү менен таанышууда. Мындан ары бул иш улантылат. Бардык министрлер, администрация жетекчилери маал-маалы менен жер-жерлерге чыгышат.

Саясий оюндардын баары бүттү деп эсептесек болот. Эми экономика менен алек боло турган жылдар келе жатат.

Президент министрлер кабинети жыл башынан бери экономикалык чечкиндүү кадамдарга барып, туура нукта иш жүргүзүп жатканын кошумчалады. Кыргызстанда ички дүң продукциянын көлөмү 6,3 пайызга өсүп, 335,3 миллиард сомду түзгөнүн айты.

Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7523