Эки ажырым жолго түшүп кайра жарашкан жылдыздар
RU

Эки ажырым жолго түшүп кайра жарашкан жылдыздар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Асел Кадырбекова жеке жашоосундагы бурулуштар тууралуу үн катып, Нурлан Насип экөө кайрадан бирге экенин ачыктады. 1 жыл мурда түгөйлөрдүн эки башка жолго түшкөнү талкууланган.

Асел Кадырбекова жол кырсыгына (2020-жылы 26-июлда) кабылгандан кийин жолдошу менен эки башка жолго түшкөнү байма-бай айтылган. Бирок ырчылар талкууларды расмий түрдө тастыктаган эмес.

Ал арада күйөрмандарынын "ажыраштыңарбы?" деген суроосуна Асел Кадырбекованын аккаунтунан "Чын. Расмий ажыраша элекпиз" деген жооп жазылган.

Кийинчерээк Асел Кадырбекова жеке жашоосу тууралуу суроолор көп берилип жаткандыктан жабык тема болсо да жооп берүүнү чечкен.

"Бул туурасында такыр ооз ачкым келбейт. Баарына эле түшүнүктүү болсо керек. Тагдырын ушундай жол менен чечкен биринчи жана акыркы үй-бүлө жалгыз эле биз эмеспиз. Бул эки тараптуу чечим. Болгону бизди колдоп койгула жана талкуулабагыла. Маңдайга жазылганын көрөбүз", - деген. Ал эми Нурлан Насип "бала жашоодо көп нерсеге көпүрө" экенин айткан маектеринин биринде.

Жылдыздуу түгөйлөр жакында эле ак өргөөлүү болушканын, жаңы үйүнө көчүп барганын айтышкан.

Таарынышып кайра табышкан белгилүүлөрдүн арасында ырчы Дайыр Исамдияров да бар. Ал жубайы менен 3 жылдай эки ажырым жолдо жүргөн. Түгөйлөр 2021-жылы жарашкан.

"Жарашуубузга балам себеп болду. Жеке жашоону элге жар салган болбойт экен. Андыктан мындан ары үй-бүлөм тууралуу көп чыгарбайм", - деген ал.

Баса, июль айынын аягында ырчынын жубайы көз жарды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7752