"Жолдошум өзү тандайт". Аял күйөөсүнө башка аял тандоо үчүн жарнама берген
RU

"Жолдошум өзү тандайт". Аял күйөөсүнө башка аял тандоо үчүн жарнама берген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таиланддагы 44 жаштагы Паттима деген аял TikTok баракчасына күйөөсүнө аял тандоо үчүн жарыя берген. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Жолдошуна аял болчу талапкерлерге 30 жаштан 35 жашка чейин, жогорку билимдүү жана ВИЧ инфекциясы жок экендиги тууралуу медициналык маалымкатка ээ болушу керек деген талаптар коюлган. Тандалган аял бекер жатакана жашап, бекер тамак-аш менен камсыз болору ошондой эле айына 25 000 рубль айлык акы алары убадаланган.

"Балдарды күйөмдү караганга бир кыз, кеңседеги документтерге жардам берүү үчүн эки кызматкер жумушка алынат. Жолдошум жакшы мамиле жасайт. Жолдошум каалаганы менен түн өткөрүүсүнө мүмкүнчүлк берем", – деп айткан ал.

Пост аябай көп көрүлүп, жубайлар үй-бүлөгө 33 жаштагы аялды табышкан. Алар кезектешип аны менен жолугушууларды уюштуруп, үчүнчү өнөктөшү балдарды багып жатканы кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7789