Тоннасы 4000 сомдон. Кара-Кече көмүрү сатылып жаткан кампалардын даректери
RU

Тоннасы 4000 сомдон. Кара-Кече көмүрү сатылып жаткан кампалардын даректери

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин төрт районунда көмүр сатуучу пункттар ачылган. "Кыргызкөмүр" ишканасынан бүгүнкү күндө көмүрдүн (Кара-Кече) бир тоннасы 4000 сомдон болуп жатканын кабарлады. Аталган мекемеден, көмүрдү эрте камдап албаса төмөнкүдөй маселелерге туш болорун белгилешти.

  • суроо-талап көп болуп, көмүр баасы дароо 2-3 эсе жогору болуп кетет;
  • кезек күтүү көп болот;
  • портерлердин баасы да кымбаттайт;
  • ортомчулар пайдаланып кетишет;
  • чөнтөгүңүз бекер эле жукарат.

Бүгүнкү күндө көмүрлөр төмөнкү даректер боюнча сатылууда:

  • Дэн Сяопин көчөсү 306А (Акун заводунун жанында);
  • Мурманск 6;
  • Мурманск 4а/2 (Кыргыз Темирдин аймагы);
  • Алма-Ата (айланма жол);
  • Кара-Жыгач жана Ак-Босого конуштарынын ири кампаларында.

Буга чейин борбор калаанын мэриясынан көмүр базаларынын даректерин жарыялаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7797