Ошто аю туристтердин ичеги-карынын жарганы айтылды. Милиция маалыматты текшерди
RU

Ошто аю туристтердин ичеги-карынын жарганы айтылды. Милиция маалыматты текшерди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда жайлоого чыккан туристтерди уктап жатканда аю келип ичеги-карынын жарып салды деген аудио жана сүрөт тарады. Анда окуя Ош облусунда жайлоодо болгону айтылган.

Абайлаңыз, сүрөт!
Жабуу

Интернетке тарап жаткан маалымат милиция кызматкерлери тарабынан териштирилгенин Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан Kaktus.kg сайтына билдиришти.

"Бир күн мурда интернетке чыккан маалымат фейк болуп чыкты.Тагыраагы, бул окуя 2017-жылы Башкортастан Республикасында болуптур. Ошондогу сүрөткө аудио билдирүү тиркелип WhatsApp аркылуу тарап жатат", - дешет мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7804