Кыргызстандык рэпер Украинадагы эң көп жабыркаган шаарларга барып ырдайт
RU

Кыргызстандык рэпер Украинадагы эң көп жабыркаган шаарларга барып ырдайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

L'Zeep каймана аты менен таанымал Кыргызстандык рэпер Медер Кадыров Украинанын шаарларына барып ырдайт. Бул тууралуу ал жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.

Анда рэп ырчысы Донецк жана Мариуполь шаарларындагы журналисттер чалышып, балдарга ырдап берүү өтүнүчүн келтиргенин айткан.

"Бизге Донбасстан журналисттер байланышка чыгышып, маек алышкан. Ошондо бизге "концерт коюп бере аласыңарбы" дешкен, макул болдук. Алар уюштуруу иштерин колго алышты, биздин жол киребизди эле төлөп беришет. Биз Донбасстагы балдарга жардам берүү максатында каражат чогулталы деп жатабыз", - деген ал.

Концерт Донецк жана Мариуполь шаарларында өтөт.

Медер Кадыров ( L'Zeep) 2000-жылдары Кыргызстанда атактуулукка жеткен. Ал жакында эле орусиялык рэп аткаруучу Павел Романюк менен Россиянын атайын операциясы тууралуу ыр жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7841