Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган видеоролик көпчүлүктү суктандырды
RU

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган видеоролик көпчүлүктү суктандырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркияда өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган видеоролик жарыяланды. Видео Twitter`деги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары баракчасына жүктөлдү.

Анда Түрк дүйнөсүнүн маанилүү мурасы жана маданий байлыгы болгон Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 102 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катыша турган мелдештерден тышкары көчмөн маданиятынын музыкасы, бийи жана адабияты сыяктуу маданий программалар орун алары жазылган.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркиянын Изник шаарында өтөт.

Буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч ирет Кыргызстанда өткөрүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7844