Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы кызматка келди
RU

Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы кызматка келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы болгон Эрнис Толтоев кызматка дайындалды. Ал президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болду. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүн, 10-августта Эрнис Толтоев эмгек жамаатка тааныштырылды.

Өмүр баяны

Толтоев Эрнис Мукашбекович 1986-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылында туулган. 2009-жылы Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Эмгек жолу

2009-жылы - Ош шаардык мэриясында жетектөөчү адис;

2010-2011-жылдары - Ош облустук мамлекеттик администрациясы, жетектөөчү адис, маалымат катчы;

2011-2012-жылдары - Ош облустук мамлекеттик администрациясында башкы адис;

2012-2013-жылдары - өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы;

2013-2016-жылдары - Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы;

2016-жылы - Ош шаардык кеңешинин депутаты;

2016-2017-жылдары - премьер-министрдин жардамчысы;

2017-жылы - премьер-министрдин катчылыгынын аналитикалык камсыздоо тобунда эксперт;

2017-2020-жылдары - президенттин жардамчысы.

Үй-бүлөлүк абалы- 1 уул, 2 кыздын атасы.

Класстык чини: Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7849