Президенттин басма сөз кызматына Дайырбек Орунбеков жетекчи болуп дайындалды
RU

Президенттин басма сөз кызматына Дайырбек Орунбеков жетекчи болуп дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп Дайырбек Орунбеков дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 3-августта тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кой койду. Буга чейин аталган кызматты Алтынбек Жумаев аркалап келген.

Дайырбек Орунбеков былтыр февраль айында УКМКнын алдында Райымбек Матраимовду колдоо митингине катышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7754